Кыргызстанда бала бакчалардын саны 2 миңден ашты

Коом
Кыргызстанда бала бакчалардын саны 2 миңден ашты
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. 2021–2025-жылдары өлкө боюнча 147 жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен "Кабар" агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жылдары дагы 18 бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Жаңы курулган бала бакчаларды жылдарга бөлүп карай турган болсок:

  • 2021-жылы — 21;
  • 2022-жылы — 10;
  • 2023-жылы — 16;
  • 2024-жылы — 59;
  • 2025-жылы — 41.

Белгилей кетсек, былтыр өлкөдө жалпы бала бакчалардын саны 2104дү түзгөн.