Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов менен дарыгер-нарколог Жеңишбек Назаралиев баңгизатка көз каранды адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик системасын өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулашты. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Министр синтетикалык баңгизаттардын, айрыкча жаштар арасында кеңири жайылышы өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата баштаганын белгиледи. Ушуга байланыштуу алдын алуу жана реабилитациялык иштерди күчөтүү, жалпы билим берүүчү мектептерде жана жогорку окуу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү пландалып жатат.
Министрликтин планы боюнча Аламүдүн районундагы Дачное айылында инсульттан кийинки бейтаптарды реабилитациялоо борборунун базасында баңгизатка көз каранды адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбор ачылат. Борбордо 80 орундуу керебет фонду уюштурулат.
Досмамбетов мыйзамсыз иш алып барган реабилитациялык борборлорго жол берилбей, жардам көрсөтүүнүн ачык жана көзөмөлдөнгөн мамлекеттик системасын түзүү маанилүү экенин белгиледи. Кийинки беш жылга карата баңгизатка каршы мамлекеттик программа иштелип чыгууда.
Дарыгер Жеңишбек Назаралиев борбордун ишмердүүлүгүн методикалык жактан колдоого жана практикалык тажрыйбасы бар адистерди тартууга даяр экенин айтты.