Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына күнүнө орточо 5 саат убакыт коротот

Коом Загрузка... 23 Январь 2026 13:20
woman-cleaning-hous.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Кыргызстанда үй жумуштары дагы деле аялдардын жоопкерчилигинде калууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин "Убакыт бюджетин изилдөө" аттуу баяндамасында айтылат.

Статистикага таянсак, аялдар үй чарбасын жүргүзүүгө күнүнө орточо 4 саат 40 мүнөт жумшашат, бул суткалык убакыттын 19,4 пайыздан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч бир топ төмөн — суткасына бир саатка жетпеген убакыт же 3,8 пайызды гана түзөт.

Айыл жергесинде эркектер да, аялдар да шаар тургундарына салыштырмалуу үй жумуштарына 1,2 эсе көп убакыт коротушат. Алсак, айылда иштеген аялдар үй чарбасына күнүнө орточо 6,5 саат, ал эми шаарда иштегендер 5 сааттай убакыт бөлүшөт. Иштеген эркектердин көрсөткүчү айылда күнүнө 50 мүнөт, шаарда 35 мүнөттүн тегерегинде.

Эркектер менен аялдардын үй жумуштарынын түзүмү:

  • Эркектер: жашаган жерине карабастан, тиричилик техникаларын, эмеректерди жана турак жайды оңдоо менен көбүрөөк алектенишет. Шаарларда бул жумуштарга үй жумуштарына кеткен убакыттын 11 пайызы, айылдарда 30 пайызга чейинкиси жумшалат. Ошондой эле азык-түлүк сатып алууга убактысынын 15 пайыздан 23 пайызына чейин жумшашат.
  • Аялдар: үй жумуштары ар түрдүү жана жашаган жерине, үй-бүлө курамына, жумуш ордуна жараша болот.

Иштеген калктын арасында үй жумуштарына эң көп убакыт короткондор: 35-44 жаштагы жана 60 жаштан ашкан эркектер, ошондой эле 14 жаштан 34 жашка чейинки аялдар болуп саналат.