Кыргызстанда унаалардын саны дээрлик 2 миллионго жетти

Коом Загрузка... 02 Февраль 2026 12:35
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.37.52 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда расмий каттоодо турган автоунаалардын жалпы саны 1 млн 909 миң 61ди түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.

Министрдин айтымында, өлкөдөгү транспорттун саны 13%га өсүп, экологиялык негизги көйгөйлөрдүн бирине айланууда. Учурдагы автопарктын курамы төмөнкүдөй бөлүнгөн:

  • Бензин менен жүргөндөр: 972 миң;
  • Дизель (солярка): 339 миң;
  • Газ менен иштегендер: 56 миң;
  • Гибриддик унаалар: 37 миң.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөгө 15 миң 278 электромобиль алынып келген, бул жалпы автоунаалардын 0,8%ын гана түзөт. Ошону менен бирге, жаңы унаалардын үлүшү өсүүдө: эгер 2024-жылы 5 жылга чейинки эскиликтеги унаалар 1,5%ды түзсө, быйыл бул көрсөткүч 4,5%га жетти.

Медер Машиев белгилегендей, Бишкектин коомдук автопаркында 1 447 газ менен жүрүүчү автобус, 120 электробус жана 12 даана стандарттуу 12 метрлик автобус бар. Мындан сырткары, электромобилдерди кубаттоо үчүн өлкө боюнча 100дөн ашык станция орнотулган.