Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A – CAR (“Чуань И” ЖЧК) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар унаа бизнеси тармагында инвестициялык кызматташуунун келечегин, анын ичинде Кыргызстанга жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле комплекстүү сервистик инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүндө дилердик тармакты түзүү жана расмий өкүлчүлүктү ачуу боюнча компаниянын пландарына өзгөчө көңүл бурулду.
Компаниянын өкүлдөрү Кытайдын жана эл аралык бренддердин автоунааларын жеткирүүнү камсыз кыларын айтышты. Мында техникалык тейлөө, финансылык коштоо, каттоо жана транспорт каражаттарын камсыздандырууну камтыган кызматтар көрсөтүлөт.
Равшанбек Сабиров унаа секторуна инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай долбоорлор рыноктун өнүгүшүнө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.