Кыргызстанда алтын, күмүш жана жездин канча кору калганы айтылды

Экономика Загрузка... 09 Март 2026 12:26
8.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өлкөнүн минералдык-сырьелук базасынын абалы тууралуу маалымат берди.

Анын берген маалыматына ылайык, 2026-жылдын башына карата Кыргызстандагы пайдалуу кендердин кору төмөнкүдөй:

  • Алтын – болжол менен 1 миң тонна;
  • Күмүш – 1 миң 196 тонна;
  • Жез – 960 миң тонна;
  • Көмүр – 1,9 млрд тонна.

Министрдин орун басары белгилегендей, бул көрсөткүчтөр өлкөнүн тоо-кен тармагындагы чоң потенциалын айгинелейт жана мамлекеттик деңгээлде кендерди натыйжалуу пайдалануу иштери улантылат.