Кыргызстанда акыркы коңгуроо 29-майда кагылат

Коом 18 май 2026 10:00
Кыргызстанда акыркы коңгуроо 29-майда кагылат

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы коңгуроо иш-чарасы 29-майда өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Министрлик бул күнү бардык тараптарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

"Акча чогултууга, мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштурууга, окуучулардын унаа башкаруусуна жол берилбейт. Балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.