Сүрөткө тартып, планшетке жазышат: Айыл чарбасын каттоо кантип жүргүзүлөт?

Коом 10 Март 2026 13:03
WhatsApp Image 2026-03-10 at 10.12.26 (1).jpeg
03f13e62-88a7-418a-875e-810d82514b38.jpg
649919149_122205888512341273_7600943665429655526_n.jpg
649976645_122205888632341273_9021015830349006315_n.jpg
650089584_122205888602341273_631728333556019278_n.jpg
650143591_122205888830341273_5414303535386856050_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-03-10 at 10.12.26 (1).jpeg
03f13e62-88a7-418a-875e-810d82514b38.jpg
649919149_122205888512341273_7600943665429655526_n.jpg
649976645_122205888632341273_9021015830349006315_n.jpg
650089584_122205888602341273_631728333556019278_n.jpg
650143591_122205888830341273_5414303535386856050_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо өнөктүгү 20-марттан 10-апрелге чейин өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, өнөктүктү утурлай даярдык көрүү маселесине арналган координациялык жыйынга Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү да катышты. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрү каттоо кампаниясын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу өткөрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Жыйындын жүрүшүндө министр Эрлист Акунбеков айыл чарбасындагы маалыматтарды каттоо иши өлкөдөгү тармактын реалдуу абалын аныктоо, асыл тукум малдын санын тактоо жана тармакты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөрүн айтты. Ошондой эле асыл тукум мал боюнча маалыматтарды электрондук форматта, тиешелүү фотосүрөттөрү менен чогултуу, малдын толук тизмесин түзүү жана маалыматтарды тактоо иштерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, Мамлекеттик жер фондунан айыл чарба багытында убактылуу пайдаланууга берилген жерлер боюнча маалыматтарды тактоо, ижарачылардын тизмесин тиешелүү облустук жана райондук статистикалык органдарга берүү милдети коюлду.

Каттоо иштерин уюштурууда санариптик платформаларды пайдалануу маанилүү экени айтылып, маалыматтарды чогултуу Улуттук статистика комитетинин платформасы аркылуу жүргүзүлөрү белгиленди. Бул максатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жооптуу кызматкерлер үчүн окутуу иштери уюштурулуп, маалыматтарды толтуруунун тартиби түшүндүрүлүүдө.

Белгилей кетсек, "Айыл чарбасын каттоо" өнөктүгү 20-марттан 10-апрелге чейин, башкача айтканда 20 күндүн ичинде жүргүзүлөт. Ар бир айыл жана район боюнча жооптуу кызматкерлер тартылып, тиешелүү уюштуруу иштери аткарылат.