Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо өнөктүгү жүрүүдө

Коом Загрузка... 22 Март 2026 14:50
IMG_1734.webp

Бишкек, 22.03.26. /Кабар/. Республиканын бардык аймактарында 20-марттан тарта айыл чарбасын каттоо расмий түрдө башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, масштабдуу өнөктүктү ишке ашыруу максатында Ош шаары боюнча 9 координатор, 45 инструктор жана 233 каттоочу бекитилип, алар учурда жеринде иш алып барууда.

Каттоонун алкагында төмөнкү багыттар боюнча маалыматтар топтолот:

  • Айыл чарба жерлеринин абалы жана өсүмдүктөрдүн эгин аянттары;
  • Мал жандыктардын жана канаттуулардын так саны;
  • Айыл чарба техникаларынын абалы;
  • Дыйкан (фермердик) чарбалардын жана жеке көмөкчү чарбалардын ишмердүүлүгү.

Белгилей кетсек, айыл чарба каттоосу өлкөдө 10 жылда бир жолу өткөрүлөт. Бул иш-чара сектордун реалдуу абалы жана түзүмү жөнүндө так маалымат алууга багытталган маанилүү улуттук статистикалык долбоор болуп саналат.

Аталган өнөктүк үстүбүздөгү жылдын 10-апрелине чейин улантылат.