Бишкек, 20.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда Орозо айт намазы эч кандай кырсыксыз, тынч өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Иш-чара учурунда 12 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылды.
ИИМ массалык иш-чараларды өткөрүүдө жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну жогорку деңгээлде улантууда.