Кыргызстанда 9 айда курулуштун көлөмү 62,2%га өстү

Экономика
Кыргызстанда 9 айда курулуштун көлөмү 62,2%га өстү
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 380,0 млрд сомду түзүп, 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 62,2%га өстү.

Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 365,7 млрд сомду түзүп, 68,5%га көбөйдү. Инвестициялардын 85%ы пайдалуу кендерди казууга, иштетүү өндүрүшүнө, транспортко, энергетикага, билим берүү объекттерине жана турак жай курулушуна багытталды.

2026-жылдын январь–сентябрь айларында:

  • "Менин үйүм" программасынын алкагында 3 217 батирдин курулушу аяктады;
  • 33 мектеп, 3 оорукана, 17 амбулаториялык-бейтапканалык мекеме жана 37 мектепке чейинки мекеме курулду;
  • Энергетика тармагында бир катар чакан ГЭСтер жана энергетикалык объекттер пайдаланууга берилди;
  • Балыкчы–Кочкор темир жолунун 63 чакырымдык участогунун курулушунун биринчи этабы башталды;
  • Өндүрүш, логистика жана туристтик инфраструктура багыттарында жаңы объекттер ишке киргизилди.

2026-жылдын октябрь айынын башына карата жалпы узундугу 1 668 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөө иштери аяктады.

Курулуш секторунун ИДПнын өсүшүнө кошкон салымы 4,18 пайыздык пунктка бааланып, ИДПнын түзүмүндөгү үлүшү 9,1%ды түздү.