Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Учурда Кыргызстанда 80 миңден ашык ипотекалык батир курулуп жатат. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын төрагасынын биринчи орун басары Нургазы Атканов билдирди.
Анын айтымында, турак жай курулушу республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.
"Анын ичинде Бишкек шаарында 22 миң 996 батир, Чүй облусунда – 22 миң 440, Жалал-Абад облусунда – 12 миң 900, Ысык-Көл облусунда – 9 миң 317, Нарын облусунда – 569, Талас облусунда – 814, Ош облусунда – 7 миң 402 жана Баткен облусунда – 4 миң116 батир курулууда", - деп белгиледи ал.