Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата Кыргызстанда 8 248 бош жумуш оруну катталды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, өлкөдө жумушчу адистиктерге болгон суроо-талап абдан жогору болууда.
Эмгек рыногунда өзгөчө талап кылынган кесиптердин катарына компьютердик оператор, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чач тарач, тырмак жасалгалоо, укалоочу, визажист, котормочу, 1С программасы боюнча тажрыйбалуу бухгалтер, тигүүчү, электр-газ ширетүүчү жана сантехник-слесарь кирет.
Белгиленгендей, учурда республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 60,2 миң адамга жетсе, алардын 38,7 миңи расмий түрдө жумушсуз макамын алган.
"Жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарына 54 807 жаран кайрылган. Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү менен 4 554 адам ишке орноштурулган", - деп айтылат маалыматта.
Жумушсуздуктун деңгээлинин өсүшү жана эмгек рыногундагы талаптардын өзгөрүшү шартында жумушсуз жарандарды окутуу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен 2026-жылдын 1-майына карата 2697 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлгөн.