Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдө буга чейин берилген бардык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды жана келишимдердин аткарылышын масштабдуу инвентаризациядан өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, инвентаризация колдонуудагы 1981 лицензияны толугу менен камтыды.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында лицензиялык келишимдердин шарттарын бузган 836 учур аныкталды. Мыйзам бузууларды четтетүү жана тармакта тартип орнотуу максатында 500гө жакын лицензиянын иши убактылуу токтотулду жана биротоло жокко чыгарылды.
Эң көп кездешкен мыйзам бузуулардын катарында жерди кайра калыбына келтирүү (рекультивациялык) эсептери жана реквизиттери тууралуу билдирүүлөрдүн жоктугу, бонустарды төлөө милдеттенмелеринин аткарылбашы, лицензия мөөнөттөрүнүн өтүп кетиши, ошондой эле башка милдеттүү талаптардын сакталбагандыгы аныкталды.
Учурда министрликке караштуу Кыргыз геология кызматына жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышын камсыздоо жана ар бир аныкталган факт боюнча тийиштүү чараларды көрүү ишин катуу улантуу тапшырылды.