Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "James Cubitt & Partners" эл аралык компаниясынын төрагасы Суадад Сумайдаи менен жолукту.
Агенттиктин маалыматына ылайык, тараптар инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын базасында онкологиялык ооруларды дарылоочу улуттук клиника куруу демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Заманбап нур терапиясы технологияларын киргизүүнү камтыган долбоорго болжол менен 500 млн доллар инвестиция тартуу каралууда.
Ошондой эле Кыргызстанда башка инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга британиялык инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.