Мындан ары жаңыланган күбөлүктөр берилет. Жаңы бланктардын алгачкы сүрөттөрү

Коом Загрузка... 04 Декабрь 2025 11:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Кыргызстандагы жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча беш түрдөгү күбөлүктүн жаңы формалары бекитилди. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик ишканасынын паспорттук иштер жана жарандык абалдын актылары бөлүмүнүн башчысы Перизат Сейдакматова “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, күбөлүктөрдүн типографиялык форматын өлкөдөн тышкары, ал эми санариптик форматын “Түндүк” тиркемеси аркылуу өлкө ичинде колдонсо болот.

“Өкмөттүн токтому менен өлкөдөгү эки түрдө жарандык абалдын актыларынын күбөлүктөрү бекитилген. Ал күбөлүктөр санариптик жана Кыргызстандын чегинен тышкары чыккан убакытта типографиялык форматта каралган. Жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн арыздар ЖААК түзүмүндө калыптанат. Арыз берген соң, типографиялык түрдөгү бланктарды алса болот. Санариптик күбөлүктөрдү А4 форматында каалоочулар “Түндүк” тиркемесинен чыгарып алышат. Күбөлүктөрдүн типографиядан даярдалган түрү коргоочу элементтери менен басылып чыгат. Өлкө ичинде типографиялык вариантта күбөлүк алуунун зарылдыгы жок”, - деди Сейдакматова.

Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча күбөлүктөрдүн жаңы формалары төмөнкүлөр:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • никеге каттоо күбөлүк;
  • никени бузуу күбөлүк;
  • фамилия, ат, атасынын атын өзгөртүү күбөлүк;
  • өлгөндүгү тууралуу күбөлүк.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 14-апрелинен тартып Бишкек жана Ош шаарларында, ал эми 1-майдан тартып өлкөнүн бардык облустарында “Түндүк” системасында бар маалыматтарды кайталаган кагаз маалымкаттарды берүү токтотулган.