Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда социалдык камсыздоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Эмгек акыны жогорулатуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун, Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун, "Келечек" майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборунун, "Балдар үчүн ишеним телефону" борборунун, бардык социалдык стационардык мекемелердин, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн 3400дөн ашуун кызматкерин камтыды.
Кызматтык маяналардын эселөө коэффициенттерин жогорулатуу менен кошо, административдик-башкаруучу, негизги жана жардамчы персоналга ай сайын 15 миң сом, ал эми техникалык жана тейлөөчү кенже персоналга 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөмү кошумча киргизилди.
Министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу 2026-жылдын 1-сентябрына пландаштырылган. Анын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү каралууда.