Кыргызстанда 2 миңден ашык жаран эркинен ажыратылбастан көзөмөлдөнүүдө

Коом Загрузка... 14 Май 2026 13:30
WhatsApp_Image_2026_o1sSaKH.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда көзөмөл астындагы жарандарды контролдоо санариптик форматка өтүүдө.

Юстиция министрлигинин Пробациялык жана соттук-эксперттик иштер чөйрөсүндөгү саясат башкармалыгынын башчысы Руслан Романов "Кабар" агенттигине сот системасынын бардык баскычтарында заманбап технологиялар ишке ашырылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын июнь айынан бери 786 айыпталуучу электрондук байкоо системасына киргизилген, алардын 104ү атайын билериктерди (бутка жана колго) тагынып жүрөт, ал эми 270и мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөлдө. Учурда бул чара Талас жана Баткен облустарынан тышкары, өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында колдонулуп жатат.

Санариптештирүү пробация кызматында да жайылтылууда. Бул жерде өлкө боюнча 1466 соттолгон адам тиркемени колдонуп жатат. Алардын арасында 1325 эркек, 127 аял жана 14 жашы жете элек өспүрүм бар.