Кыргызстанда 18 миңден ашык мамлекеттик кызматкер бар – статистика

Коом Загрузка... 23 Июнь 2026 16:35
shk-o-dag-y-sheneun_HUicNW9.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Улуттук статистика комитети 23-июнь – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тутумундагы кызматкерлердин саны боюнча маалыматтарды жарыялады.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул кесиптик майрам өлкөнү өнүктүрүүдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кошкон салымын таануу жана башкаруу тутумунун ролун жогорулатуу максатында өкмөттүн 2017-жылдын 4-январындагы токтому менен бекитилген.

"2026-жылдын башына карата республикадагы мамлекеттик кызматкерлердин саны (коргоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылган мамлекеттик органдарды эсепке албаганда) 18 миңден ашты. Алардын ичинен кызматкерлердин дээрлик 58%ын эркектер түзөт. Мамлекеттик кызматкерлердин жалпы санынын 14 миңи же 77%дан ашыгы аткаруу бийлигинде эмгектенишет", - деп айтылат маалыматта.

2026-жылдын 1-январына карата мамлекеттик кызматкерлердин жарымынан көбү (болжол менен 57%ы) өз ишмердүүлүгүн Бишкек шаарында жүргүзүп келишет.

Ал эми 2025-жылы республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 6,3 миң адам эмгектенсе, алардын 3,9 миңи (62%ы) муниципалдык кызматкерлер болуп саналат. Муниципалдык кызматкерлердин жалпы санынын 43%ын аялдар түздү.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү – бул коомдук процесстерди уюштуруу жана башкаруу менен байланышкан маанилүү милдеттерди чечүүгө олуттуу салым кошкон адистерге болгон сый-урмат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана ак ниеттүүлүгү бийликтин бардык деңгээлдеринде натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзөт.