Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдарга паспорт алуу тартиби жеңилдеди

Коом Загрузка... 01 Июль 2026 09:45
NazarNews_200129433_34SkBrZ.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдарга жалпы жарандык паспорт берүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, эми баланын паспортун алуу үчүн ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жетиштүү. Буга чейин эки ата-эненин тең макулдугу милдеттүү түрдө талап кылынчу. Бул эреже ата-энелердин бири өлкөдөн тышкары жүргөндө, байланышууга мүмкүн болбогондо же дайыны белгисиз учурларда кыйла кыйынчылыктарды жаратып келген.

Ошондой эле республикада туруктуу жашаган жарандарга паспорт аларды каттоого алган жерде эмес, иш жүзүндө кайрылган жердеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же аскердик абал режими киргизилген учурда, эгерде баланын паспортунун мөөнөтү бүтүп калса, Министрлер кабинети анын жарактуулук мөөнөтүн узартат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын чегинен тышкары дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер тарабынан балага паспорт берүүдө мурдагыдай эле эки ата-эненин макулдугу, ал эми макулдук болбогон учурда соттун чечими талап кылынат.