Сел жана жер көчкү коркунучу. Кыргызстанда 11 миңден ашык кооптуу тилке аныкталды

Коом Загрузка... 05 Февраль 2026 18:30
337556471_1266188690645477_1558473367556291276_n.jpg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө республика аймагында 11 миң 388 кооптуу тилке аныкталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылы кооптуу табигый процесстерге 1 932 изилдөө иштери жүргүзүлүп, аныкталган тилкелер тууралуу жергиликтүү бийлик органдарына 405 атайын эскертме берилип, 1 236 корутунду чыгарылган.

Ал эми 2026-жылга карата кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү багытында сел, суу ташкын жана жер көчкү коркунучтары кайсы аймактарда жогору экенин көрсөткөн карталар түзүлдү.

"Аталган шарттарды эске алуу менен облустук башкармалыктарга кооптуу табигый процесстердин мүмкүн болгон активдешүүсүнө алдын ала даярдык көрүү, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо, калкка эрте кабар берүү механизмдерин күчөтүү, коркунучтуу участоктордо профилактикалык жана инженердик чараларды көрүү тапшырмасы коюлду, - деп айтылат маалыматта.