Кыргызстанда 11 кооператив органикалык продукция өндүрүү менен алектенет

Экономика Загрузка... 16 Март 2026 13:58
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Кыргызстанда 11 кооператив органикалык продукция өндүрүү менен алектенет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда дагы 30га жакын ишкана органикалык продукция өндүрүүгө өтүүгө даярдык көрүп жатат.

Чыналиев белгилегендей, 2022-жылдан бери органикалык продукция өндүрүүчүлөр 300 млн сомго жакын суммада жеңилдетилген насыяларды алышкан.

Ошондой эле ал кыргыз жаңгагы өлкөнүн бренддик органикалык продукцияларынын бири экенин жана дүйнөнүн 30дан ашык мамлекетине, анын ичинде АКШга, Европа өлкөлөрүнө, Россияга жана Түштүк Кореяга экспорттолорун баса белгиледи.