Кыргызстанда 10 млн долларга заманбап вакцина заводу курулат

Экономика 930 18 Март 2026 09:05
DSC09842.jpg
652136632_122206572584341273_777279656097865178_n.jpg
652929736_122206572632341273_2498302660916464362_n.jpg
654710814_122206572728341273_4803953216460877502_n.jpg
Алдыга
Артка
DSC09842.jpg
652136632_122206572584341273_777279656097865178_n.jpg
652929736_122206572632341273_2498302660916464362_n.jpg
654710814_122206572728341273_4803953216460877502_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда ветеринардык коопсуздукту камсыздоо максатында мал ылаңдарына каршы вакцина чыгаруучу заманбап завод курулат. Бул маселени суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Алтын Тамыр" акционердик коомунун өкүлдөрү менен талкуулады.

Ведомстводон маалымдашкандай, заводдун курулушуна болжол менен 10 млн доллар жумшалат. Мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар жана инвесторлор үчүн өзгөчө шарттар каралууда.

Министр заводду кыска мөөнөттө куруп бүтүрүүнү, вакцинанын сапатын эл аралык стандартка жеткирүүнү жана сатып алуунун оптималдуу программасын иштеп чыгууну тапшырды.

Белгилей кетсек, учурда "Алтын Тамыр" 20га жакын биопрепарат чыгарат. Жаңы ишкана ички рынокту гана камсыздабастан, продукцияны Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Афганистанга экспорттоону көздөйт.