Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнүн тарыхында биринчи жолу ири курулуш долбоорлорун ишке ашырууда.
Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда республика боюнча 12 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имараты жаңыдан курулуп, пайдаланууга берүү пландалууда.
"Буга чейин өрт өчүрүүчүлөр Совет доорунан калган эски, шарты жок, тар имараттарда иш алып барууга аргасыз болуп келишсе, эми бул күндөр артта калып, заманбап, ыңгайлуу имараттарда өз кызматтарын улантабыз деген тилектери орундалууда", — деп айтылат маалыматта.
Алардын бардыгы үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда — Куткаруучулар күнүнө карата ачылышы күтүлүүдө. Учурда жалпы 92 бөлүк кызмат көрсөтүп келсе, мындан тышкары дагы 5 жаңы өрт-куткаруу бөлүгүнүн курулушу пландалууда.