Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Женева шаарындагы БУУнун кеңсесинде өтүп жаткан Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегментинде сөз сүйлөдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, Кыргызстан бул конференцияга тарыхында биринчи жолу катышты.
Кулубаев дүйнөлүк коопсуздук системасы мамлекеттер ортосундагы ишенимдин төмөндөшү, колдонуудагы келишимдик механизмдердин алсырашы жана эл аралык укуктун нормаларынан ылдам өнүгүп жаткан аскердик технологиялар менен мүнөздөлгөн терең өзгөрүүлөр мезгилин баштан кечирип жатканын белгиледи.
Кыргызстан өзгөчө СНВ-III келишиминин мөөнөтүнүн аякташы жана өзөктүк державалар ортосунда стратегиялык туруктуулукту жана кармоону камсыз кылган жаңы механизмдин жоктугуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Министр ошондой эле Европадагы коопсуздук архитектурасынын кризисине жана ишенимди бекемдөө, ачык-айкындуулук чараларынын алсырашына көңүл буруп, ири масштабдагы жаңы жаңжалдардын алдын алуу максатында бардык тараптарды мамилелерди кайра карап чыгууга чакырды.
ТИМ башчысы Кыргызстандын массалык кыргын салуучу куралдардан толук баш тартуу боюнча принципиалдуу позициясын баса белгилеп, өлкө 2025-жылы Өзөктүк куралга тыюу салуу жөнүндө келишимге кошулганын эске салды. Ал Өзөктүк сыноолорго жалпы тыюу салуу жөнүндө келишимдин режимин жана куралдарды жайылтпоо аракеттерин колдоорун ырастап, Кыргызстан өзөктүк куралдан эркин дүйнө үчүн ырааттуу позицияны кармана берерин билдирди.
Ошондой эле Кулубаев өзөктүк эркин аймактардын ролуна токтолуп, алардын ишенимди чыңдоодо жана глобалдык тобокелчиликтерди азайтуудагы маанисин белгиледи.
Ал Кыргызстан Борбор Азиядагы өзөктүк куралдан эркин аймак жөнүндө келишимдин депозитарийи жана негиздөөчүлөрүнүн бири катары анын институционалдык негизин бекемдөө жана БУУ системасы менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча демилге көтөрөрүн маалымдады.