Кыргызстан жол курулуш материалдары менен өзүн-өзү камсыздоону көздөйт

Коом Загрузка... 24 Февраль 2026 16:55
639868355_1227670869541657_7117000414517555213_n.jpg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев "Гележек Холдинг" компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар жол тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Министр холдинг тарабынан сунушталган демилгелерди угуп, жол курулуш тармагында битум өндүрүшүн өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле министр тиешелүү түзүмдөр менен биргеликте түндүк аймакта да битум заводун куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жол курулуш материалдары менен туруктуу камсыз кылуу, өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу боюнча мындан аркы иш-аракеттерди улантууга макулдашты.