Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 26-майда Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин кезектеги жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, ошондой эле Уюмдун алкагындагы мындан аркы кызматташтыктын багыттары талкууланды.
Адилет Орозбеков Кыргызстан азыркы тобокелдиктерди обочолонгон эмес, жалпы жамааттык коопсуздук системасынын контекстинде гана караарын баса белгиледи. Ошол эле учурда биргелешкен аракеттерди мындан ары да төмөнкү багыттарга топтоо маанилүү:
- атайын кызматтардын, укук коргоо жана аскердик түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө;
- ыкчам маалымат алмашуу механизмдерин өркүндөтүү;
- киберкоркунучтарга жана маалыматтык-психологиялык таасирлерге каршы туруу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- жаштар арасында радикалдашуунун алдын алуу жана экстремисттик идеологияга каршы туруу боюнча ишти күчөтүү.
Жыйындын жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын күз айларына пландаштырылган Улуттук коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын даярдык көрүүнүн алкагында бир катар документтерге кол коюлду.