Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Күн мурун Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинин алкагында Кыргызстан дипломатиялык кабыл алуу уюштурду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев сөз сүйлөп, күч алып жаткан жаңжалдар жана климаттык чакырыктар шартында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши адам укуктарынын бузулушун алдын алуучу эң маанилүү курал экенин баса белгиледи.
Министр Кыргызстандын аталган кеңештеги мүчөлүгү декларативдүү эмес, практикалык мазмунга ээ болгонун жана бул багыт өлкөнүн ички-тышкы саясатынын негизи болуп саналаарын белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстан эл аралык институттарды реформалоонун жана мамлекеттердин адилеттүү өкүлчүлүгүн камсыздоонун ырааттуу тарапкери бойдон каларын ырастады.
Ведомство башчысы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлеринин саясий эркинин аркасында Фергана өрөөнүндөгү көп жылдык чек ара маселелери жөнгө салынганын өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, бул Борбор Азияда коопсуздукту жана ишенимди чыңдоого негиз болду.
Мындан тышкары, Жээнбек Кулубаев өлкөнүн көчмөн маданиятын сактоодогу жана тоолуу аймактарды өнүктүрүүдөгү активдүү ролуна токтолуп, катышуучуларды 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана 2027-жылы өтүүчү II Глобалдык тоо саммитине чакырды.
Сөзүнүн соңунда министр Кыргызстан гуманизм стандарттарын коргоого жана глобалдык тынчтыкты чыңдоого багытталган көп векторлуу саясатын уланта берерине ишендирди.