Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Күн мурун Астана шаарында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Алишер Усманов менен жолукту.
Жогорку соттон билдиришкендей, жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун экинчи конференциясынын алкагында өттү.
Медербек Сатыев коңшу өлкөдөгү "Жаңы Өзбекстан" стратегиясынын алкагында жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү жана соттун көз карандысыздыгын чыңдоо тажрыйбасын жогору баалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин сот тутумдарын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, сот-укуктук реформаларды жүргүзүү, сот ишмердүүлүгүнө санариптик технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашты, ошондой эле эки өлкөнүн Жогорку сотторунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун келечегин карашты.
"Биздин башкы максат - жарандар жана бизнес үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн, ачыктыгын камсыз кылуу. Учурда өлкөдө электрондук документ жүгүртүү, иштерди автоматтык бөлүштүрүү жана сотко аралыктан катышуу механизмдери өнүгүүдө", - деди Сатыев.