Кыргызстан жана ЮНИСЕФ: Балдарды коргоо системасы жаңы деңгээлге көтөрүлөт

Коом Загрузка... 16 Март 2026 14:14
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар балдар укугун коргоо жана бакубаттуулугу жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында балдар укуктарын коргоо системасын чыңдоого жана өлкөдөгү балдардын абалына мониторинг жүргүзүү механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган 2026–2027-жылдарга социалдык саясат боюнча программалардын жылдык иш планына кол коюлду.

Кызматташуунун алкагында төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурулат:

  • Балдардын абалына системалуу мониторинг жүргүзүү;
  • Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо;
  • Ыйгарым укуктуу өкүлдүн институтунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

Тараптар биргелешкен планды ишке ашыруу балдар укугун коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле Кыргызстандагы балдардын кызыкчылыктарын козгогон маселелерди чечүүгө комплекстүү мамилени камсыз кылууга мүмкүндүк берерин баса белгилешти.

Жолугушуунун соңунда балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн институту менен ЮНИСЕФтин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Бул кызматташтык ар бир балага толук кандуу өнүгүү, коргоо жана анын укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.