Кыргызстан жана Сан-Марино: Кызматташтыктын жаңы барагы ачылды

Саясат
Кыргызстан жана Сан-Марино: Кызматташтыктын жаңы барагы ачылды
Кыргызстан жана Сан-Марино: Кызматташтыктын жаңы барагы ачылды
Алдыга
Артка
Кыргызстан жана Сан-Марино: Кызматташтыктын жаңы барагы ачылды
Кыргызстан жана Сан-Марино: Кызматташтыктын жаңы барагы ачылды
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.02.26 /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сан-Маринонун тышкы иштер министри Лука Беккари менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын алкагында Женева шаарында орун алды.

Анын жүрүшүндө Кыргызстандын эки тараптуу диалогду активдештирүүгө кызыкдар экени белгиленип, өз ара пайдалуу кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер эки тараптуу байланыштарды мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин тастыкташты.