Кыргызстан жана Россия: Коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтык талкууланды — Кабар

Кыргызстан жана Россия: Коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтык талкууланды

Саясат 24 март 2026 09:30
87f8a27c-605a-46fd-88ee-1698c61cdbc2.jpeg
ccf98814-4e51-4293-8593-2cc794f754bf (1).jpeg
434e8e42-7003-4157-be58-1674dff8a034.jpeg
Алдыга
Артка
87f8a27c-605a-46fd-88ee-1698c61cdbc2.jpeg
ccf98814-4e51-4293-8593-2cc794f754bf (1).jpeg
434e8e42-7003-4157-be58-1674dff8a034.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков күн мурун Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө коопсуздук чөйрөсүндөгү учурдагы эл аралык кырдаалга, ошондой эле кыргыз-орус кызматташтыктын жүрүшүнө байланыштуу пикир алмашуу болду.

Адилет Орозбеков менен Сергей Вакунов өз ара пайдалуу жана тең укуктуу мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн азыркы жогорку деңгээли Кыргызстан жана Россиянын улуттук кызыкчылыктарына жооп берет, мамлекеттердин жана элдердин тынчтык жолу менен өнүгүшү үчүн зарыл шарттарды түзөт, ошондой эле азыркы чакырыктарды жана коркунучтарды нейтралдаштыруу боюнча максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимдерин билдиришти.