Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева Нидерланддын Кыргызстандагы элчиси Нико Схермерс менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланып, парламенттер аралык дипломатияны жакшыртуу тууралуу кеп болду.
Элвира Сурабалдиева акыркы жылдары Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы байланыштар жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, калыптанган мамилелерди мындан ары да бекемдөө үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу аркылуу парламенттер аралык алакаларды чыңдоо зарылдыгына токтолду.
Мындан тышкары энергетика, транспорт, өнөр жай, кайра иштетүү, туризм жана санариптештирүү чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине көңүл бурган Элвира Сурабалдиева Кыргызстан айрыкча суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу, экологиялык жактан таза технологияларды киргизүү жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу жаатында Нидерланд менен тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигин билдирди.
Өз кезегинде элчи Нико Схермерс дагы эки тараптуу байланыштарды арттыруунун зарылдыгын белгилеп, айрыкча айыл чарба жаатында өнөктөштүктү өрчүтүүгө даяр экендигин кошумчалады.
Баарлашуунун соңунда депутат Элвира Сурабалдиева элчи Нико Схермерс баштаган делегацияны быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыра кетти.