Кыргызстан жана NABU тоо экосистемасын сактооlj кызматташтыгын чыңдайт

Экология 17 сентябрь 2026 16:40
812427182_28534849032849495_8195798259805289677_n.jpg
812133186_2137115893509305_532879426485922883_n.jpg
Алдыга
Артка
812427182_28534849032849495_8195798259805289677_n.jpg
812133186_2137115893509305_532879426485922883_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) федералдык аткаруучу директору Инго Аммерман мырза менен жолугушту.

Кыргыз тарабы NABU уюмунун Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүүлүктү, тоо экосистемаларын сактоо жана ак илбирс тобун коргоо боюнча көп жылдык ишмердүүлүгүн жогору баалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кеминдеги жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборун мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Кыргызстан тарабы тоо экосистемаларын, биологиялык ар түрдүүлүктү жана ак илбирсти сактоо, суу ресурстарынын булагы катары мөңгүлөрдү коргоо, бул белгиленген багыттар боюнча адистерди даярдоо, ошондой эле Кыргызстанда ак илбирсти сактоого арналган фестивалдарды өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Динара Кемелова ошондой эле 2027-жылдын 21-23-октябрында өтө турган "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити жөнүндө маалымат берип, NABU`ну Саммиттин иш-чараларына, анын ичинде 2027-жылдын 23-октябрында өтө турган Эл аралык ак илбирс күнүнө арналган иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Жолугушууга ошондой эле Эл аралык байланыштар боюнча директордун орун басары Катя Каупиш жана NABU`нун Кыргыз Республикасы боюнча директору Толкунбек Асыкулов катышты.