Анталия, 11.11.26. /Кабар/. Кыргызстан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында көтөрүлүп жаткан “жашыл” индустриялаштыруу, азык-түлүк коопсуздугу, туруктуу саламаттык сактоо, таза энергетикага өтүү артыкчылыктуу багыттарды колдойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясынын (COP31) алкагында өтүп жаткан Лидерлер саммитинде билдирди.
Анын айтымында, бул багытта өлкөбүз гидроэнергетиканы жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча практикалык кадамдарды жасап, эл аралык милдеттенмелерин конкреттүү иштер менен бекемдеп келет.
“Климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуудагы негизги тоскоолдуктардын бири – каржы ресурстарынын олуттуу тартыштыгы. Тактап айтканда, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу адаптациялык чараларды каржылоого тоолуу өлкөлөрдүн жылдык муктаждыгы дээрлик 187 млрд АКШ долларын түзөт. Ал эми иш жүзүндө көрсөтүлүп жаткан эл аралык колдоонун көлөмү болгону 13,8 млрд АКШ долларына жетет.
Ушуга байланыштуу, COP30 иш-чарасында 2035-жылга чейин климаттык каржылоону жыл сайын 1,3 трлн АКШ долларына чейин мобилизациялоо жана адаптациялык чараларды каржылоонун глобалдык көлөмүн үч эсеге арттыруу боюнча жетишилген макулдашууларды кубаттайбыз. Бүгүнкү күндө эл аралык финансылык архитектурасын реформалоо зарылчылыкка айланды. Бул багытта климаттык каржылоого жетүүнү жеңилдетүү, ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн адилеттүү шарттарды түзүү өзгөчө мааниге ээ”,- деди Касымалиев.
Минкаб төрагасы өз сөзүндө климаттык каржылоо – кайрымдуулук эмес, бул глобалдык климаттык адилеттүүлүктү жана жалпы жоопкерчиликти камсыз кылуунун зарыл шарты экенин белгиледи.
“Өзгөчө көңүл климаттын өзгөрүшүнө өтө сезимтал болгон тоолуу өлкөлөргө бурулууга тийиш. Алар каржы ресурстарына гана эмес, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин алдын алууга жана азайтууга багытталган заманбап технологияларга жана практикалык чечимдерге да муктаж. Бүгүн кооз Анталия шаарында болуп, анын керемет жаратылышына суктанып жатып, мекенибиздин бермети – Ысык-Көлдү эстедим.
Географиялык жактан алыс жайгашканына карабастан, бул эки уникалдуу жаратылыш байлыгын бирдей жоопкерчилик бириктирип турат. Ал - суулардын тазалыгын сактоо, акваторияларын жана жээктерин булгануудан коргоо. Биз үчүн Ысык-Көлдү сактоо – бул жөн гана экологиялык маселе эмес, келечек муундардын алдындагы чоң жоопкерчилик”, - деди ал.
Адылбек Касымалиев президент тарабынан Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын эл аралык трасттык фонд түзүү демилгеси жарыяланып, анын ишин баштоого мамлекеттик бюджеттен 10 млн АКШ долларын бөлүп берүү чечими кабыл алынгандыгын баса белгиледи.
“Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2026-жылдын 22-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын эл аралык трасттык фонд түзүү демилгесин жарыялап, анын ишин баштоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 10 млн АКШ долларын бөлүп берүү чечимин кабыл алды.
Эл аралык өнүктүрүү институттарын, донор өлкөлөрдү жана жеке секторду бул демилгеге кошулуп, Ысык-Көлдү сактоо боюнча биргелешкен аракеттерди колдоого чакырабыз.
Тоолор – табияттын кайталангыс байлыгы гана эмес, адамзаттын жашоосу үчүн зарыл болгон суу ресурстарынын негизги булагы.
Ошондуктан тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эл аралык климаттык күн тартипте кеңири чагылдыруу өзгөчө мааниге ээ. COP28дин алкагында түзүлгөн Тоолуу өлкөлөр тобу тоолуу мамлекеттердин жалпы кызыкчылыктарын эл аралык деңггээлде илгерилетүүдө маанилүү аянтча болуп саналат.
Кыргызстандын демилгеси менен эки жолу өткөрүлгөн “Тоолор жана климат” диалогу бул багыттагы кызматташтыкты туруктуу негизде улантуунун зарылдыгын көрсөттү.
Ушуга байланыштуу, бардык өлкөлөрдү БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү”маселелери боюнча жыл сайын өтүүчү диалогду туруктуу негизде өткөрүүнү колдоого чакырабыз”,-деди Касымалиев.
Мындан тышкары, тоолуу өлкөлөрдүн илимий, техникалык жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга багытталган конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында Кыргызстан Глобалдык тоолуу аймактардын туруктуулугу борборун түзүү демилгесин көтөрүп келе жатканы айтылды.
“Бул Глобалдык тоолуу аймактардын туруктуулугу борбору тоолуу өлкөлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашууну жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот деп ишенебиз. Бул демилгени ишке ашырууда бардык кызыкдар өнөктөштөр менен кызматташууга даярбыз. Ошол эле учурда, тоолуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча эл аралык аракеттер узак мөөнөттүү жана системалуу мүнөзгө ээ болууга тийиш. Ушуга байланыштуу, 2028–2037-жылдарды “Тоолуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча БУУнун 10 жылдыгы” деп жарыялоо демилгесин колдоого чакырабыз.
Бул багыттагы эл аралык аракеттердин маанилүү баскычы катары 2027-жылдын октябрында Бишкек шаарында Экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрөбүз.
Климаттын өзгөрүшүнүн масштабы жана ылдамдыгы кайсы гана мамлекет болбосун, анын жеке мүмкүнчүлүктөрүнөн ашат жана биргелешкен эл аралык аракеттерди талап кылат. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардык делегация башчыларын Бишкек шаарында өтө турган бул маанилүү саммитке катышууга чакырам ”,- деди минкаб төрагасы.
Сөзүнүн соңунда бул иш-чара БУУнун Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттеринин беш жылдыгынын (2023-2027) жыйынтыгын чыгаруу менен бирге, “Тоолор жана климат” маселелери боюнча глобалдык диалогдун жаңы этабына негиз түзөөрүн кошумчалады.
“Урматтуу делегация башчылары, сөзүмдүн соңунда, тоо экосистемаларын жана криосфераны сактоо – бул айрым өлкөлөрдүн гана эмес, бүткүл адамзаттын жалпы кызыкчылыгы жана келечек муундардын алдындагы жоопкерчилиги экендигин баса белгилегим келет”,- деди Касымалиев.
Ошондой эле Кыргызстан бардык тараптарды сөздөн ишке өтүп, бүгүнкү күндүн климаттык көйгөйлөрүн чечүү үчүн конкреттүү иш-аракеттерге жана чечкиндүү кадамдарга чакыраарын белгиледи.