Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Камбоджанын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Прак Сокхон менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Женева шаарында өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында орун алган.
Тараптар кыргыз-камбоджа кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду активдештирүүгө, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө, соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү жана студенттер алмашууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты.
Ошондой эле БУУнун алкагында өз ара координацияга жана эл аралык күн тартибиндеги башка маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды жана тышкы саясий ведомстволордун ортосундагы саясий консультацияларды улантууга даяр экенин тастыкташты.