Бишкек, 25.07.26 /Кабар/. Күн мурун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында орун алды.
Салтка айланган достук маанайда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулап, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы жана Перс булуңундагы кырдаал боюнча пикир алмашты.
Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму сыяктуу жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы эки өлкөнүн өз ара кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар кыргыз-иран соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.