Кыргызстан жана Гана саясий байланыштарды жандандырат

Саясат Загрузка... 23 Февраль 2026 12:10
641595938_1333850432111797_8938600041648177464_n.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Гананын тышкы иштер министринин орун басары Жеймс Жакье Куайзон менен телефон аркылуу сүйлөшту.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин ортосундагы байланыштарды жандандыруу жөнүндө макулдашты.

Көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу боюнча пландар талкууланды.