Кыргызстан жана Европа биримдиги: Шайлоо системасын өнүктүрүү талкууланды

Саясат Загрузка... 19 Февраль 2026 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Борбордук шайлоо комиссиясы

Бишкек, 19.02.26 /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров күн мурун Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту.

БШКдан билдиришкендей, жолугушууга Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Реми Дюфло, ошондой эле делегация  мүчөлөрү - Италия, Финляндия, Германия, Франция, Чехия жана Болгариянын өкүлдөрү катышты.

Тынчтык Шайназаров Кыргызстан жана БШК Европа өлкөлөрү менен конструктивдүү диалогго жана кызматташтыкка ар дайым ачык экенин белгиледи. Ал 2025-жылдын 30-ноябрында өлкөдө парламенттик шайлоо өткөнүн эске салып, ага эл аралык байкоочулар чакырылганын билдирди. Шайлоо процессине жалпы 778 байкоочу катышып, алардын 374ү ЕККУ миссияларынын өкүлдөрү болгон.

БШК төрагасынын айтымында, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин VIII чакырылышындагы депутаттык корпус толугу менен калыптанып, 90 депутаттан турат. Бүгүн дагы төрт депутатка мандат тапшырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан шайлоо реформаларынын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду. Төраганын белгилешинче, жаңыланган шайлоо системасы гендердик теңчиликти камсыздап, жарандардын активдүү шайлоо укугун ишке ашырууга, анын ичинде аралыктан добуш берүү аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтти. Заманбап технологияларды колдонуу бюллетендерди салуу жана “карусель” сыяктуу мыйзам бузууларды минималдаштырууга шарт түздү.

Өз кезегинде Жузи Принчи делегациянын кеңири өкүлчүлүк курамы Европа парламентинин Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдоого болгон жогорку кызыкчылыгын айгинелеп турарын белгиледи. Ал өлкөдөгү шайлоо процесси ачык-айкын жана адилет өтүп жатканын белгилеп, жаңы шайлоо системасын ишке киргизүүнүн практикалык аспектилерине кызыгуусун билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында делегация мүчөлөрү БШК жетекчилигине ачык жана мазмундуу диалог үчүн ыраазычылык билдирип, шайлоо системасын жана демократиялык институттарды өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашууну мындан ары да улантууга кызыкдар экенин белгилешти.