Кыргызстан жана Дүйнөлүк банк: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү талкууланды

Экономика Загрузка... 05 Март 2026 13:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Күн мурун Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Мээримбек Койчуманов Дүйнөлүк банктын инфраструктураны каржылоо боюнча улук адиси Адити Райна баштаган миссиянын өкүлдөрү жана банктын консультанты Эркин Асрандиев менен жолугушту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагындагы түз сүйлөшүүлөр тууралуу жобонун долбоору жана бюджеттик колдоону баалоо методологиясы талкууланды.

Бул документтер инвестициялык жол-жоболордун ачыктыгын камсыздоого жана стратегиялык долбоорлорго сапаттуу жеке капиталды тартууга багытталган.

Ошондой эле Мээримбек Койчуманов мамлекеттик органдар үчүн өткөрүлгөн техникалык семинардын жыйынтыктары менен тааныштырды. Анда фискалдык көзөмөл механизмдери жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруудагы институционалдык жоопкерчилик маселелери каралган.

Жыйынтыгында тараптар Улуттук агенттик, МЖӨ борбору жана Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыкты андан ары тереңдетүү тууралуу макулдашты.