Кыргызстан жана БУУ биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну улантат

Саясат Загрузка... 24 Февраль 2026 17:42
641624313_1334852512011589_1189909216981648882_n.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда тараптар 2025-жылдагы биргелешкен ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын чыгарып, алдыдагы мезгилге карата пландарды белгилешти. Өзгөчө көңүл Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууга жана регионалдык маселелерге бурулду.

Антье Граве учурдагы долбоорлорду улантууга даяр экенин билдирсе, Медер Абакиров кыргыз тарап БУУнун өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн ырастады.