Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырат

Саясат Загрузка... 03 Июнь 2026 14:30
2026-01-07_04-12-29.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдүн аймактарына карата кайрадан жанданган аскердик соккулар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирет.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстан жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган сүйлөшүү процессине доо кетириши мүмкүн болгон ар кандай аскердик аракеттерди айыптайт.

Мындан улам, Кыргызстан тараптарды сабырдуулук көрсөтүүгө жана кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келиши мүмкүн болгон кадамдардан карманууга чакырат. Ошондой эле ок атышууну токтотуу режимин сактоого, эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын ченемдерин, айрыкча жаңжалдын тарабы болуп саналбаган Булуң өлкөлөрүнө карата так аткарууга, ошондой эле маселени аскердик эмес, дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу боюнча аракеттерди улантууга үндөйт.