Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы тынчтык макулдашууларын кубаттайт

Саясат Загрузка... 08 Апрель 2026 15:40
1772508105-1427885 (1).webp

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы тынчтык макулдашууларын кубаттайт. Бул тууралуу ТИМ билдирет.

Белгиленгендей, Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун жетишилгенин, ошондой эле Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин жана башка кызыкдар тараптардын чыңалууну төмөндөтүүгө жана тынчтык диалогун илгерилетүүгө багытталган аракеттерин кубаттайт.

Бардык пикир келишпестиктерди БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларынын негизинде саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүүнү ырааттуу жактап, Кыргызстан аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүгө үмүттөнөрүн билдирет.