Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди

Коом Загрузка... 28 Февраль 2026 16:23
3_M5E4NO4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ТИМ

Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Кыргызстан Жакынкы Чыгыш аймагындагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

"Кыргызстан аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык иш алып барууну жактайт.

Ошондой эле тараптарды максималдуу сабырдуулукка чакырып, согуштук аракеттерди кечиктирбестен токтотууга жана кырдаалды жалаң гана тынчтык жолу менен чечүү үчүн конструктивдүү диалогго мүмкүн болушунча тез кайтууга багытталган бардык зарыл чараларды көрүүгө үндөйт", - деп айтылат маалыматта.