Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Жакынкы 5 жыл ичинде "Asman Airlines" авиакомпаниясынын учак паркы 10 заманбап "Airbus A321" учагы менен толукталат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самадинов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн "Asman Airlines" авиакомпаниясы өзүнүн өнүгүүсүндө дагы бир маанилүү кадам жасады.
"Европалык авиакуруучу "Airbus" корпорациясынан 2 даана "Airbus A321" учагын сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду", - деди ал.
Самадинов белгилегендей, бул стратегиялык чечим каттамдар тармагын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык авиация рыногундагы позициясын бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Пландын алкагында КМШ өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка жана Европага каттамдарды ачуу каралууда.