Кыргызстан уюшкан кылмыштуу топтордон толук арылды – Камчыбек Ташиев

Коом Загрузка... 24 Декабрь 2025 11:35
605537114_1370173238223825_855455278355610796_n.jpg
copyright icon УКМК

Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Кыргызстан уюшкан кылмыштуу топтордон толук арылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күн мурун атайын кызматтын кызматкерлери үчүн эс алуу комплексинин ачылышында билдирди.

Ал өлкөдө мындан ары УКТ менен байланышы бар деп эч ким жоопко тартылбашы керектигин белгиледи.

Ошондой эле УКМК төрагасы коопсуздук жана башка укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлерге кайрылып, аларды калыс болууга, иш процесси учурунда күнөөсү жок адамдардын тагдырына балта чаап, туура эмес чечим чыгаруудан сак болууга чакырды.