"Кыргызстан улуттук электр тармагы" 35 атайын техника сатып алат

Коом 5 февраль 2026 12:50
628436204_18092469035476120_1737825303295268517_n.jpg
627200226_18092469014476120_4850972440755421768_n.jpg
628309191_18092469023476120_5194867924926922981_n.jpg
628449949_18092468873476120_6483606536635800128_n.jpg
629608794_18092468888476120_4854717087021665550_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 35 даана атайын техника сатып алат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Техникалар капиталдык курулуш планын ишке ашыруу, электр тармактарынын инфраструктурасынын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, бөлүштүрүүчү тармактардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо максатында өздүк каражаттын эсебинен сатып алынат.

Сатылып алына турган техникалардын тизмеси:

  • 16 даана - бригадалык унаа;
  • 8 даана – эксковатор;
  • 8 даана – автовышка (25 метр);
  • 3 даана - жүк ташуучу унаа.

Бул техникалар тармактын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана тармактын материалдык-техникалык базасын күчөтүүгө жардам берет.

Маалымат үчүн: 2025-жылы "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өздүк каражатынын эсебинен 140 атайын техника сатып алган.