Кыргызстан туризм тармагында эл аралык кызматташтыкты активдештирди

Коом Загрузка... 15 Январь 2026 16:25
2.webp

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көптөгөн жолугушуулар жана иш-чаралар өткөрүлүп, ошондой эле өлкөнүн 28 эл аралык туристтик көргөзмөгө катышуусуна жана Малайзия, Австрия, Беларусь, Россия, Монголия, Германия жана Япониядан келген туроператорлор үчүн инфотурларды уюштурууга көмөк көрсөтүлдү.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдиргендей, туристтик күн тартибинин алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалын жайылтууга багытталган жалпысынан 56 жолугушуу жана иш-чара өткөрүлдү.

"2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россияда эл аралык туристтик номинациянын жеңүүчүсү болуп, Russian Travel басылмасынын кадыр-барктуу туристтик сыйлыгына татыктуу болду", - деди ТИМ башчысы.
1