Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Бүгүн Циндао шаарында Кыргызстандын президентинин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев трансулуттук корпорациялардын лидерлеринин 7-саммитине катышып, сөз сүйлөдү.
Саммит алдыңкы эл аралык компаниялардын жетекчилерин, мамлекеттик органдардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн бириктирди.
Сөзүндө Бакыт Төрөбаев кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлин белгилеп, алар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк духунда жигердүү өнүгүп жатканын айтты. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 27 миллиард АКШ долларына жеткен рекорддук көрсөткүчкө жеткени баса белгиленди.
Өлкөдөгү экономикалык өзгөрүүлөрдү белгилеп, Бакыт Төрөбаев саммиттин катышуучуларына өнөр жайды өнүктүрүүгө, инфраструктураны модернизациялоого, энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө жана Кыргыстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган реформалар жөнүндө маалымдады.
Сөз сүйлөө учурунда Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү улуттук программасынын артыкчылыктары, ошондой эле транспорттук инфраструктура, энергетика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүндөгү келечектүү долбоорлор сунушталды.
Катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун темир жол каттамын өнүктүрүү, жашыл энергия объектилерин куруу жана заманбап өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү боюнча демилгелер жаратты.
Сөзүн жыйынтыктап, Бакыт Төрөбаев дүйнөнүн трансулуттук корпорацияларын Кыргызстанга активдүү кызматташууга чакырып, Кыргызстандын инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга жана региондун туруктуу өнүгүүсүнө жана экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзгөн өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.
Ачылыш аземинде Кытай тараптан Кытай Эл Республикасынын төрагасынын орун басары Хань Чжэн куттуктоо сөзү менен сүйлөдү. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгынын алкагында боло турган иш-чаралар боюнча кыскача пикир алмашуу болду.