Кыргызстан ШКУ саммитин өзгөчө статус менен кабыл алууда – Маматалиев — Кабар

Кыргызстан ШКУ саммитин өзгөчө статус менен кабыл алууда – Маматалиев

Пикир 31 август 2026 16:45
WhatsApp Image 2026-08-31 at 16.28.33.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Кыргызстан быйыл Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин мурдагылардан айырмаланып, өзгөчө статус менен өткөрүп жатат. Бул тууралуу мамлекеттик ишмер Абдырахман Маматалиев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болушу саммиттин маанисин дагы арттырат.

"Мурдагы кабыл алуулардан айырмасы - быйыл биз Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары жана дүйнөлүк масштабдагы чоң маселелер карала турган жерде чечүүчү добушу бар өлкө катары өткөрүп жатабыз. Экинчиси, мурдагыга салыштырмалуу КМШ мамлекеттеринин арасында экономикасы эң жогорку ылдамдык менен өсүп жаткан, ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан мурдагыга салыштырмалуу бир топ абройлуу мамлекетке айлана алдык. Ал эми саммит тууралуу айта турган болсок, анда коргоо, коопсуздук, экологиялык маселелер талкууланып, ал дүйнөгө тынчтыкты орнотуу, дүйнөлүк кырдаалды өзгөртүүгө таасир бере турган чечимдерди кабыл ала турган өзгөчө жыйын болот", - деди ал.

Ошондой эле ал бул маанилүү иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен дал келип жатканын белгиледи. Быйылкы ал өтө жогорку деңгээлде өтөт деп ойлойм. Андан сырткары мамлекетибиздин 35 жылдыгы болуп жатат. Акыркы беш жылда ыкчам өнүгүүдөгү өлкөгө айланып жатабыз.

"Андыктан, ШКУ саммити жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгы жемиштүү болот деп терең ишенем”, - деди мамлекеттик ишмер Абдырахман Маматалиев.